ЮНЕСКОдон Түркияга мактоо

ЮНЕСКО Түриянын качкындардын билим алышына карата саясаттарын колдоодо.

1092964
ЮНЕСКОдон Түркияга мактоо

ЮНЕСКО тарабынан даярдалган «Миграция жана билим берүү : дубал эмес, көпүрөлөрдү курат» деген темадагы отчетунда сириялык качкындардын үчтөн бир бөлүгүн багып жаткан Түркия, Ливан жана Иорданиянын качкындардын билим алуусуна карата саясаттарынын колдоо менен кабыл алынгандыгы белгиленди.

Отчетто бул өлкөлөрдүн баарын камтыган билим берүү системасын турмушка ашыруу максатына жетүүсү үчүн эл аралык колдоо берүүгө чакыруу салынды.

Түркиянын өлкөдөгү сириялыктарды социалдык коргоо системасына интеграция кылгандан кийин 2020 -  жылга чейин бардык качкындарды улуттук билим берүү системасына кошууну максат кылгандыгына басым жасалган отчетто Түркия жана башка эки өлкөнүн өзгөчө сириялык качкындар ээ болгон дипломдор менен жумуш табуусу тууралуу мүмкүн болушунча жардамчы болгондугу билдирилди.

Отчетто аймактык аракеттердин натыйжасында өткөн апрель айына чейин сириялык качкындардын билим алышы үчүн 248 миллион доллар бөлүнгөндүгү жана мунун да керек болгон 873 миллион доллардын 28 пайызына тең келгендиги билдирилди.

 



Тектеш кабарлар