Стамбул Дүйнөлүк балдар укугун коргоо күнүндө көк түскө бөлөндү

Стамбулда 15 -  июль Шейиттер көпүрөсү, Фатих Султан Мехмет көпүрөсү менен Галата мунарасы көк түскө бөлөндү.

1092247
Стамбул Дүйнөлүк балдар укугун коргоо күнүндө көк түскө бөлөндү
istanbul galata kulesi.jpg

Стамбулдагы тарыхый Галата мунарасы, 15 -  июль Шейиттер көпүрөсү жана Фатих Султан Мехмет көпүрөсү 20 -  Ноябрь дүйнөлүк балдар укугун коргоо күнүнөн улам көк түс менен жарыктандырылды.

Бир топ өлкөдө балдардын маселелерине байланыштуу коомдук пикирди пайда кылуу максатында белгиленген Дүйнөлүк балдар укугун коргоо күнүндө Түркияда түрдүү жерлер БУУнун Балдарга Жардам Фонду ЮНИСЕФтин жол башчылыгында көк түс менен жарыктандырылды.

Ушунун негизинде Стамбулда 15 -  июль Шейиттер көпүрөсү, Фатих Султан Мехмет көпүрөсү менен Галата мунарасы көк түскө бөлөндү.

Кечки сааттарда башталган көк түс менен жарыктандыруу эрте менен күн чыкканга чейин улантылды.

Тарыхый мунара менен көпүрөлөрдүн көк түс менен жарыктандырылышы балдардын укуктарына көңүл буруу менен бирге Стамбулда башка бир көрүнүштү пайда кылды. Фотографчылар менен жарандар көк түс менен жарыктандырылган Галата мунарасы менен көпүрөлөрдүн сүрөттөрүн тартып алышты.

 

 



Тектеш кабарлар