Соода министри Болгарияда

Соода министри Рухсар Пекжан Болгарияда расмий жолугушууларды өткөрүүдө.

1091495
Соода министри Болгарияда

Түркия менен Болгариянын ортосундагы мыкты карым- катнаштар соодага да чагылууда. София коңшусу болгон Түркия жетишкен экономикалык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууну каалайт.

Соода министри Рухсар Пекжан Болгарияда расмий жолугушууларды өткөрүүдө.

Борбор шаар Софияда премьер- министр Бойко Борисов менен жолугушкан Пекжан сүйлөшүүдө бажы капкаларында болуп жаткан маселелерди карап чыгышкандарын айтты.

Соода министри Пекжан андан кийин Тышкы экономикалык карым- катнаштар кеңешинин Софияда өткөргөн иш форумуна катышты. Пекжан бул жерде сүйлөгөн сөзүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн арттырлышын максат кылышкандарын белгиледи.

Рухсар Пекжан менен Болгариянын экономика министри Эмил Караниколов тарабынан «Президенттик инвестиция офиси менен Болгария инвестиция агенттигинин ортосунда кызматташтык» келишимине кол коюлду.



Тектеш кабарлар