Президент Р. Т. Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү

Эки лидер өлкөлөрүнүн арасындагы кызматташууларды бардык тармактарда да өнүктүрүү боюнча чечкиндүүлүктөрүн такташты.

1089650
Президент Р. Т. Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Р. Т. Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. 

Президенттик булактардан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө эки жактуу маселелер менен бирге саудиялык журналист Жемал Кашыкчы кылмышы, АКШда улантылып жаткан Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ териштирүүсү жана эки жактуу экономикалык карым  - катнаштар тууралуу пикирлерин билдиришти. 

Президент Эрдоган Калифорниядагы токой өрттөрүндө каза болгондор үчүн Трампка көңүл айтты. 

Жемал Кашыкчы кылмышынын ачыкка чыгарылышы жана окуянын жабылышына уруксат бербөө боюнча макулдашкан эки лидер бардык террордук уюмдар менен күрөшүү туурадуу Түркия республикасы жана АКШнын дагы  жакын кызматташуу ичинде болушунун маанисин баса белгилешти. 

Эки лидер Манбиж жол картасынын негизинде орток күзөттүн башталышынан кубанычтуу экендерин билдирип, процессти эртерээк акырына чыгаруу тууралуу да сүйлөшүштү. 

Президент Эрдоган АКШнын ПКК  жикчил террордук уюмдун  Сириядагы уландысына жардамдарды токтотуу тууралуу күтүүлөрүн да билдирди. Эки лидер өлкөлөрүнүн арасындагы кызматташууларды бардык тармактарда да өнүктүрүү боюнча чечкиндүүлүктөрүн такташты. 


 

 



Тектеш кабарлар