Стамбул аэропортунан 15 миң киши учту

"Анкара, Измир, Анталья, Эржан жана Бакуга күнүмдүк каттамдарга жылдын акырына чейин 43 миң киши билет алды".

1086908
Стамбул аэропортунан 15 миң киши учту

Түрк аба жолдорунун башкы директору Билал Экши 31 -  октябрда тарифтүү каттамдарын баштаган Стамбул аэропортунан 2 жумада 15 миң кишинин учкандыгын билдирди. Экши социалдык медиа эсебинен : «Стамбул аэропорту иштеп жатат. Бүгүндөн баштап Стамбул аэропортун колдонгон жүргүнчү саны 15 миңден ашты. Анкара, Измир, Анталья, Эржан жана Бакуга күнүмдүк каттамдарыбызга жылдын акырына чейин 43 миң киши билет алды. Чоң долбоор, чоң кубаныч»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар