Коргоо министри Хулуси Акар Ливияда

Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу жана аскердик тармактарда кызматташуу менен аймактык коопсуздук темаларынын каралгандыгы билдирилди.

1082492
Коргоо министри Хулуси Акар Ливияда

 Улуттук коргоо министри Хулуси Акар кечээ расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн  Ливияга барды.     Хулуси Акар бул жерде Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн төрагалык кеңешинин төрагасы Файиз ес  - Серраж менен жолугушту.        Акар борбор шаар Триполиде аскердик азем менен тосулуп алынды.           

Митига аэропортунда Ливия коргоо министринин орун басары Охида Абдулла Нажем, башкы штабдын төрагасы, генерал  - майор Абдуррахман Омран ел  - Тавеле, Түркиянын Триполидеги элчиси Ахмет Айдын Доган жана башкалар тарабынан тосуп алынган Акар андан кийин прмьер  - министрлик имаратына барды.                                                            

Министр Акар бул жерде ошол эле учурда коргоо министри болгон Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн төрагалык кеңешинин төрагасы Файиз ес  - Серраж менен жолугушту жана делегациялар аралык жолугушууларга жетекчилик кылды.

Ливия улуттук макулдашуу өкмөтүнүн ички иштер министри Фетхи Али Абдүлселам Башага менен да жолугушкан Акар андан кийин Ливия мамлекеттик жогорку кеңешинин төрагасы Халид  ел  - Мишри менен жолугушту.

Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы коргоо жана аскердик тармактарда кызматташуу менен аймактык коопсуздук темаларынын каралгандыгы билдирилди.

Улуттук коргоо министри Акарды сапарында башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Йашар Гүлер, Түрк Кызматташтык жана Координация агенттигинин төрагасы Сердар Чам, Түркиянын Ливия атайын өкүлү жана Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидеринин кеңешичиси Йасин Актай да коштоодо.



Тектеш кабарлар