Стамбулда Сирия тема болгон төрттүк саммит өткөрүлөт

Саммитте Астана платформасы менен БУУнун Сирия атайын өкүлү Стаффан де Мистура Женевада түзгөн «кичинекей группадан» өкүлдөр биринчи жолу жолугушат.

1076218
Стамбулда Сирия тема болгон төрттүк саммит өткөрүлөт

Түркиянын жетекчилигинде Сирия тема болгон төрттүк саммит  Германия, Франция жана Орусиянын катышуусу менен эртең Стамбулда өткөрүлөт.

Президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде өткөрүлө турган саммитте негизги күн тартип Идлибдеги ок атышпоонун бекемделиши жана Сирия кризисине саясий чечүүчү жол үчүн орток аракеттер болот. Саммиттин акырында төрт өлкөнүн орток бир билдирүүнү кабыл алышы күтүлүүдө.

Саммитте Астана платформасы менен БУУнун Сирия атайын өкүлү Стаффан де Мистура Женевада түзгөн «кичинекей группаладын» өкүлдөрү биринчи жолу жолугушат.

Де Мистура андан мурда Женевада ар эки платформанын өкүлдөрү менен конституция комитетинин курулушу тууралуу сүйлөшүп жаткан.

Германиянын канцлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Еммануэль Макрон, Орусиянын президенти В. Путин жана Мистура да саммитке катышат.



Тектеш кабарлар