Чавушоглу ФЕТӨнүн мүчөлөрүнүн Түркияга алып келинишинин алдыңкы пландарынан бири болгонун айтты

Тышкы иштери министри Мевлүт Чавушоглу, Анадолу Агенттигинин суроолоруна жооп берди.

1074922
Чавушоглу ФЕТӨнүн мүчөлөрүнүн Түркияга алып келинишинин алдыңкы пландарынан бири болгонун айтты

Тышкы иштери министри Мевлүт Чавушоглу, Анадолу Агенттигинин суроолоруна жооп берди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу,ушул убакка дейре 30дан ашуун өлкөнүн Фетуллахчы террор уюмуна (ФЕТӨ) таандык мектеп, уюм жана коомдорду жапкандарын айтты.

Чавушоглу, 2016-жылдын 15-июлундагы чыккынчылык төңкөрүш аракетинен кийин ФЕТӨ менен бүткүл дүйнөдө күрөшүп жаткандарын эске салды.

Чавушоглу чет өлкөдө ишин жүргүзгөн ФЕТӨнүн мүчөлөрүнүн Түркияга алып келинишинин дагы алдыңкы пландарынан бири болгонун айтты.

Ушул убакка дейре 100дөн ашуун ар башка өлкөлөрдөгү кишилерди Түркияга алып келгендерин жана мындан кийинки процессте дагы буга окшогон иш-аракеттери боло турганын түшүндүргөн Чавушоглу, бул кишилерди сотко жана укук органдарына тапшырып бере тургандарына басым жасады.

Америка менен мамилелердеги суроо туудурган бөлүмдөрүнө токтолгон Чавушоглу, ПКК/ЙПГ сыяктуу террордук уюмдарга колдоону токтотуу керектигин айтты. Манбиж жол картасынын толугу менен ишке ашырылышынын зарылдыгын баса белгиледи.

Чавушоглу, президент Эрдоган жана АКШнын президенти Трамптын ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Бул сүйлөшүүдөн кийин, Трамптын Манбиж жол картасын ишке ашырууга буйрук бергенин айтып өттү.

Тышкы иштер министри, 27-октябрда Стамбулда Сирия темасында өтө турган төрт лидердин жолугушуусунда дүйнөгө маанилүү билдирүүлөр айтылаарын маалымдады.

Чавушоглу, ФЕТÖ менен күрөшүү темасына да токтолду. Бул темада олуттуу кадам таштоонун мезгили келип жеткенин айтты. Мунун эки өлкөнүн карым-катнаштары жагынан маанилүү экенине басым жасады.



Тектеш кабарлар