Румыниянын премьер - министри бүгүн Түркияга келет
Румыниянын премьер - министри Викториа Дансила президент Эрдоган тарабынан кабыл алынат.
Румыниянын премьер - министри Викториа Дансила Түркияга расмий сапар менен келет.
Президенттиктик басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда Румыниянын премьер - министри Дансила 15 - октябрь бүгүн жасай турган расмий сапарында президент Р. Т. Эрдоган тарабынан кабыл алынат.
Борбор шаар Анкарада өткөрүлө турган жолугушууларда эки тараптуу карым - катнаштар менен бирге аймактык жана эл аралык маселелер каралат. Так иш кызматташуусу тармактарында пикир алышуулар болот.
Сапардын негизинде өткөрүлө турган жолугушуулар 2011 - жылы стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жогорулатылган Түркия - Румыниянын ортосундагы карым - катнаштардын өнүктүктүрүлүшү жактан маанилүү бир мүмкүнчүлүк.
Ошондой эле 2019 жылдын биринчи жарымында Европа Биримдигинин кезектешкен башкаруучулугун өткөрүп ала турган Румыния менен Түркия - Европа Биримдигинин карым - катнаштары тууралуу таштала турган кадамдардын да каралышы пландалууда.