Колумбиялык экспортчулар Түркияга келет

Колумбиялык 300 экспортчу 17 – 18 -  октябрда Стамбулда жолугушат.

1065985
Колумбиялык экспортчулар Түркияга келет

Колумбиялык 300 экспортчу Африка, Азия жана Европа базарынын өкүлдөрү менен 17 – 18 -  октябрда Стамбулда жолугушат.

Колумбияда  туризм, экспорт жана чет элдик инвестицияларды колдоо менен милдеттендирилген мамлекеттик агент ProColombiaдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Стамбул Конгресс Борборунда өткөрүлө турган жолугушууга Колумбиядан технология, мода, кийим, аксесуар жана айыл  - чарба тармактарында 300 экспортчунун катышары жарыяланды.

Маалыматта «үч континеттин каалгасы» деп мүнөздөлгөн Түркиянын дүйнө айыл  - чарбасындагы маанисине да басым жасалды.

Өзгөчө маалыматта Стамбул Конгресс Борборундагы соода жолугушуусунда Түркия менен бирге Германия, Франция, Нидерландия, Британия, Испания, Кытай, Түштүк Корея, Орусия, Сингапур жана Түштүк Африкадан 150 базар өкүлү менен жолугушуунун болору тууралуу маалымат берилди.



Тектеш кабарлар