Президент Эрдоган Венгрияда

Президент Р. Т. Эрдоган расмий сапар менен барган Венгрияда президент Янош Адер тарабынан азем менен тосулуп алынды.

1064232
Президент Эрдоган Венгрияда

Президент Р. Т. Эрдоган расмий сапар менен барган Венгрияда президент Янош Адер тарабынан азем менен тосулуп алынды. 

Президенттик сарайына аттуу бөлүктөрдүн коштоосунда барган президент Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган кесиптеши Адер жана жубайы Анита Герцег тарабынан тосулуп алынды.

Эки президент азем өткөн аянттагы ордун алгандан кийин эки өлкөнүн улуттук марштары угулду. Эрдоган менен Адер аскерлерге салам бергенден кийин делегацияларын бири бирине тааныштырды. 

Жекеме  - жеке жолугушуудан кийин Эрдоган менен Адер делегациялар аралык жолугушууга катышат. 

Президент Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, президенттиктин катчысы Ибрахим Калын, тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, соода министри Рухсар Пекжан, транспорт жана базис министри Мехмет Жахит Турхан, президенттиктин информация боюнча төрагасы Фахреттин Алтун жана Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрага орун басары Жевдет Йылмаз да Венгрияга кетти. 

Эрдоган эки күнгө созула турган сапарында Венгриянын президенти Янош Адрерин жана парламентттин спикери Ласло Ковер, премьер  - миистри Виктор Орбан менен жолугушат.

Жолугушууларда эки тараптуу карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшү үчүн ташталышы керек болгон кадамдар каралат. Түркия  - Европа Биримдиги карым  - катнаштары, иретсиз көч жана терроризм менен күрөш да карала турган башка маселелер.

Эрдоган сапарында премьер  - министр Орбан менен бирдикте борбор шаар Будапешттеги Гүл Баба күмбөзүнүн расмий ачылышын өткөрөт. Эрдоган андан кийин Түркия  - Венгрия иш форумуна да катышат.



Тектеш кабарлар