Президент Р. Т. Эрдоган Сирия тууралуу АКШны сынга алды

Эрдоган Сирияда радикал топтордун оор куралдарынын ликвидациясына чоң маани берилгендигин айтты.

1058267
Президент Р. Т. Эрдоган Сирия тууралуу АКШны сынга алды

Президент Р. Т. Эрдоган АКШны Сирия тууралуу убадаларын аткарбагандыгы үчүн сынга алды. Эрдоган АКШга : «АКШ Манбижде жол картасына, календарга эч качан баш ийген жок. ПККнын Сириядагы уландысы аймактан чыккан жок. Аймактын чыныгы ээлери ал жерге барып жайгаша элек. АКШ убадасында турган жок. 90 күн эле 90 күн узап баратат»,- деди.

Президент Эрдоган БУУнун башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн барган АКШ сапарына катышкан журналисттерге Нью – Йорк жолугушуулары тууралуу маалымат берди.

17 -  сентябрда Орусиянын президенти В. Путин менен түзүлгөн Идлиб макулдашуусуна да токтолгон Эрдоган : «Биз Америка эмне дейт деп ойлонгон жокпуз. Бул темада Орусия менен бирге кыймыл кылдык. Иранды да четке каккан жокпуз. Өзгөчө байкоо жерлери мааниге ээ болууда. 12 байкоо жери бизде, 10 байкоо жери Орусияда, 6 байкоо жери да Иранда. Башка байкоо жери болгон өлкө жок. Бирок 15 – 20 -  километр ичкериде демилитаризацияланган аймак мааниге ээ болуп жатат. Бул жердин коопсуздугу Орусиянын текшерүү астында. Процесс күчкө ээ болуу менен улантылууда. Бул жерде эч бир кыйынчылыкка учарабастан процессти алып баруу эң чоң каалообуз»,- деди.

Эрдоган Сирияда радикал топтордун оор куралдарынын ликвидациясына чоң маани берилгендигин жана бул ишти Улуттук чалгындоо уюму милдет кылып алгандыгын да белгиледи.

 



Тектеш кабарлар