Дональд Трамптан Түркияга мактоо

Дональд Трамп : «Түркия бизге абдан чоң жардам көрсөттү»,- деди.

1057698
Дональд Трамптан Түркияга мактоо

АКШнын президенти Дональд Трамп Түркиянын Идлиб макулдашуусундагы аракеттерине байланыштуу : «Түркия бизге абдан чоң жардам көрсөттү»,- деди.

БУУнун башкы ассамблеясынын 73 -  жыйынынын негизинде Нью -  Йоркко барган Трамп пресс  - жыйын өткөрдү.

Сириянын Идлиб аймагында «кыргын ыктымалы»  тууралуу бир журналисттен уккандыгын белгилеген Трамп андан кийин «New York Times» гезитинде бул аймак тууралуу кенен кабар окугандыгын айтты.

Трамп ушул боюнча мамлекеттик катчы Майк Помпео жана Улуттук Коопсуздук кеңешчиси Жон Болтонго Сирия өкмөтүнүн Иран жана Орусиянын колдоосу менен миллиондогон кишини кыруусуна бөгөт болуу жолдомосун бергендигин билдирди.

Идлибде «кыргын болбогондугу» үчүн кубанычтуу экендигин айткан Трамп : «Миллиондогон киши өлтүрүлмөк жана бул уят болмок. Муну да белгилегим келет : Түркиянын абдан чоң жардамы тийди. Түркия мыкты. Түркия бул абалда бизге чоң жардам берди»,- деди.

Президент Р. Т. Эрдоган 17 -  сентябрда Сочиде жолугушкан Орусиянын президенти В. Путин менен Идлибде демилитаризацияланган аймактын түзүлүшүн күткөн меморандумга кол коюшкан. Трамп кечээ да Түркия менен Орусияга Идлиб меморандуму тууралуу рахмат айтты.



Тектеш кабарлар