Бинали Йылдырым Өзбекстанда

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Бинали Йылдырым Өзбекстанда жолугушууларды өткөрүүдө.

1055787
Бинали Йылдырым Өзбекстанда

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Бинали Йылдырым Өзбекстанда жолугушууларды өткөрүүдө.

Бинали Йылдырым расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн кечээ Өзбекстандын борбор шаары Ташкентке барды.

Өзбестандын мыйзам чыгаруу парламентинин спикери Нуриддинжан Исмаиловдун урматына берген сый тамакта сөз сүйлөгөн Йылдырым бир туугандыкты баса белгиледи.

Йылдырым : «Түрк жана өзбек элдери бир аймакта жашабаса да бир туугандык сезимдерин тарых боюнча сактап келген. Ушул себептен Түркия катары көз карандысыздыгына жетишкенде биринчи кабыл алган өлкө Түркия болду. Бүгүн да эки өлкө жана эки өлкөнүн элдери бир туугандык жана тилектештик ичинде»,- деди.

Эки өлкөнүн депутаттарынын карым  - катнаштарды өнүктүрүү милдетинин түшкөндүгүн белгилеген Йылдырым : «Бул потенциалды президентибиз Р. Т. Эрдоган жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев бирдикте ортого салган саясий эрк менен ишке ашырарыбызга ишенем»,- деди.

Сенаттын төрагасы Нигматулла Йолдашев менен да жолугушкан Йылдырым акыркы мезгилде карым  - катнаштарда алдыга жылуу болгондугун айтты.



Тектеш кабарлар