Түркия Филиппиндерге көңүл айтты

Филиппиндер полициясы тайфунда 70 кишинин жоголгондугу, 71 кишинин да жараланганыдыгы тууралуу маалымат берген.

1053553
Түркия Филиппиндерге көңүл айтты

Түркия Филиппиндердин түндүк жактарын ишемби күнү таасир астына алган «Мангут» тайфунунда  каза болгондор үчүн бул өлкөгө көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Филиппиндерди таасир астына алган «Мангут»  тайфунунда болгон сел жана жер көчкүлөрдө каза болгондор үчүн жана келтирилген зыянчылыгынан санааркагандыгы белгиленди.

Маалыматта : «Каза болгондордун жакындарына жана Филиппин калкына чын жүрөктөн көңүл айтабыз, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди.

Филиппиндер полициясы тайфунда 70 кишинин жоголгондугу, 71 кишинин да жараланганыдыгы тууралуу маалыматты бөлүшүп, жергиликтүү басма сөздөгү кабарларда болсо тайфундан улам каза болгондордун санынын 81ге жеткендиги белгиленген болчу.

Гаваидеги Орток тайфун эскертүү борбору Тынч океанынын түндүгүндө ортого чыккан тайфундун категория 5  борошо күчүндөгү «супер тайфунуна»  айлангандыгын жарыялаган болчу.

Биринчи күнү ылдамдыгы саатына 255 километрге чейин жеткен тайфундун ылдамдыгы үч күн мурда 100 километрге чейин түшүп, Филиппиндердеги таасирин жоготуп, Кытайдын түштүгүнө жана Гонконгго карай багыт алган.



Тектеш кабарлар