Түркия кризисти мүмкүнчүлүккө бурат

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Президенттик кабинет жыйналышы тууралуу маалымат берди.

1034045
Түркия кризисти мүмкүнчүлүккө бурат

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, экономикада көрүлгөн чаралардын натыйжасында эки күндөн бери өлкөдө жакшыруу процессинин ылдам жүрүп жатканын айтты.

Президенттик кабинет, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексинде чогулду.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, жыйналыш тууралуу маалымат берди.

Экономикалык абалдар боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында эки күндөн бери өлкөдө оң өнүгүүлөр болуп жатканын айткан Калын: «Президентибиздин экономикалык согушка каршы улуттук жапырт күрөшүү чакырыгына оң жооп бергендерге жана чет өлкөдөн керектүү колдоолорду көрсөткөндөргө ыраазычылыгыбызды билдиребиз»,-деди.

Катар менен 15 миллиард доллардык инвестиция чечими чыгарылганын айткан Калын: «Президентибиздин Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркель менен болгон телефондогу сүйлөшүүлөрүндө да бул тема каралды. АКШнын президенти Дональд Трамп башкаруучулугунун сооданы, долларды курал катары колдонуу аракетинин канчалык жаңылыш экенин Президентибиз менен бөлүшүштү»,-деп айтты.

Түрк лирасына (ТЛ) спекуляция жасалышына мүмкүнчүлүк бере турган, кыянаттыкка жол бере турган чөйрөнүн толугу менен жок кылынганына басым жасаган Калын: «Банктарга ликвидация темасында жеңилдик камсыздалды. Түрк экономикасы күчтүү жана бекем пайдубалга ээ. Түркия инвестицияга ыңгайлуу өлкө катары ар кимге каалгасын ачты. Президентибиз айтканы сыяктуу Түркия кризисти мүмкүнчүлүккө бурат»,-деди.

Ирактын Синжар аймагында жикчил террор уюму ПККнын кызыл тизмедеги жалган лидер курамынан бир террористтин жок кылынганына басым жасаган Калын: «Террорду чыккан жеринде жок кылуу боюнча толук чечкиндүүбүз. Синжарга окшогон операциялар мындан кийин да тынымсыз болуп турат»,-деп маалымдады.



Тектеш кабарлар