Сенегалдыктар Түркияга колдоо көрсөтүүдө

Түрк экономикасына колдоо көрсөткөн сенегалдыктар, түрк товарларын сатып алууга чакырып жатышат.

1031895
Сенегалдыктар Түркияга колдоо көрсөтүүдө

Түрк экономикасына колдоо көрсөтүүнү каалаган сенегалдыктар, социалдык медиадан бири-бирлерине түрк товарларын сатып алууга чакырып жатышат.

Сенегалдыктар социалдык медиада Түрк аба жолдору, Чайкур, Мармарабирлик сыяктуу түрк ишканалары да арасында болгон 30 чакты бренддин тизмесин бөлүшүүдө.

Чөйрөсүндөгүлөрдү бул бренддердин өндүрүмдөрүн колдонуп түрк экономикасына колдоо көрсөтүүгө жана түрк маркаларын колдонууга чакырган сенегалдыктар айрыкча Американын товарларын да бойкот кылышууда.

Сенегалдыктар көрө албагандар 2016-жылдын 15-июлунда кыла албагандарын эми экономика аркылуу ишке ашырууга аракет кылгандарын баса белгилешти.

Бул акцияда Амариканын товарларын бойкот кылып, түрк товарларына колдоо көрсөтүү максатталып жатат.

Катышуучулар акцияны кеңейтип уланта тургандарын белгилешти.

Бөлүшүлгөн билдирүүлөрдө: «Эгерде Түркия бекем турса бүткүл Ислам дүйнөсү бекем турат. Эгерде Түркияга бир нерсе болсо баардыгыбыз таасирленебиз» деген сөздөрү көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар