Түрк делегациясы АКШда жолугушууларын улантууда

Хизер Науэрт, Түркия менен учурдагы маселелердин чечилишине карай жолугушуулар уланганын билдирди.

1028746
Түрк делегациясы АКШда жолугушууларын улантууда

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Науэрт, Түркия менен учурдагы маселелердин чечилишине карай жолугушуулар уланганын билдирди.

Катчы Науэрт, тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал жетектеген 9 кишилик түрк делегациясы менен АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Салливан жетектеген Американын делегациясынын ортосундагы жолугушуу тууралуу жазуу түрүнрдө маалымат берди.

Жазуу түрүндөгү кыскача маалымдамада, «Түрк жооптуу кызматкерлери менен кошумча жолугушууларды өткөрдүк. Жолугушуулар уланууда»,деген сөздөргө орун берди.

Науэрт жарыясында, «Мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Салливан, Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал менен жолукту. Ал экөө (Түркияда үй камагында турган) кечил Брансон менен катар эки тараптуу карым-катнаштарга байланыштуу бир топ теманы карап чыкты»,-деди.

Вашингтондо жолугушууларын улантып жаткан 9 кишилик түрк делегациясына Тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал жетекчилик кылууда.

Делегациянын АКШнын Мамлекеттик департаментиндеги таңкы жолугушуусу 50 мүнөткө созулду.

Түрк делегациясында Тышкы иштер министрлиги, Адилет министрлиги менен казына жана финансы министрлигинен үчтөн өкүл орун алганы белгиленген.

Түрк делегациясынын жолугушууларында Түркиянын Вашингтондогу элчиси Сердар Кылыч да коштоп жүрөт.



Тектеш кабарлар