Түркия Парламентиндеги 4 фракциянын АКШга каршылык көрсөтүүсү

Түркия Улуттук Улуу Жыйынындагы (ТУУЖ) 4 саясий партиянын фракциясы Америка башкаруучулугунун Түркияга карай чуулгандуу санкция токтомуна биргелешкен билдирүү жарыялап каршылык көрсөттү.

1024413
Түркия Парламентиндеги 4 фракциянын АКШга каршылык көрсөтүүсү

Түркия Улуттук Улуу Жыйынындагы (ТУУЖ) 4 саясий партиянын фракциясы Америка башкаруучулугунун Түркияга карай чуулгандуу санкция токтомуна биргелешкен билдирүү жарыялап каршылык көрсөттү.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын фракция жетекчиси Мехмет Муш, Жумурият элдик партиясынын фракция жетекчиси Энгин Алтай, Улуттук кыймыл партиясынын фракция жетекчиси Эркан Акчай жана Жакшы партиясынын фракция жетекчиси Явуз Агыралиоглунун кол тамгалары менен жарыяланган биргелешкен билдирүүсү, «АКШнын коркутууларына элибиздин бириккен колдошуусу жана чечкиндүүлүгү менен «каршы» чыгабыз» деген тема менен жарыяланды.

Анда, АКШ бийлигинин көптөн бери Түркияга карай достук, шериктештик, ортоктош НАТО мүчөлүгү менен болгону сыяктуу өлкөлөр аралык карым-катнаштардын көп жылдар бою бириккен баалуулуктары жагынан да кабыл алынгыс мамиле, билдирүү жана саясаттар менен жүргүзгөн саясаты жана акырында мунун акыл эс жана логикага жатпаган акыркы алкагын түзгөн «Түркия Өкмөтүнүн эки министрине карай Казына департаментинин колу менен күчүнө кирген санкция токтому катуу айыпталганы» баса белгиленди.

Анда, булардын бардыгы ортодо турганда Түркиядагы тыңчылык доосуна байланыштуу соттоону шылтоо кылып Түркияга кысым көрсөтүү жана Америка токтомдору багытында мамиле кылууга мажбурлоо максаты болгонуна көңүл бурулуп, «мындай түрдөгү жосун жана ыкмаларды түрк калкынын ар-намысы жана кадыр баркы менен четке какканыбызды, бул багытта ташталган жана таштала турган ар түрдүү кадамга каршы улутубуздун орток чечкиндүүлүгүн жана колдошуусун айтканыбызды, аткаруу органынын эл аралык карым-катнаштын алкагында керектүү жоопту беришинин укук экенин коомдук пикирге жарыялайбыз»,делди.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс, Түркияда сот жараяны уланып жаткан америкалык кечил Эндрю Брансондун эркин кое берилбөөсүн себеп көрсөтүп Адилет министри Абдулхамит Гүл менен ички иштер министри Сүлейман Сойлуга АКШнын санкция киргизе турганын жарыялаган.

Сандерс: «Президенттин буйругу менен Казына департаменти, кечил Брансондун камакка алынышы жана абакка жаткарылышында роль ойногон Түркиянын ички иштер жана адилет минстрлерине санкция киргизет», деген сөздү айткан.

АКШнын казына департаменти да жазуу түрүндөгү жарыясында, Гүл жана Сойлунун: «Брансондун камакка алынышында роль ойногон мекемелерди башкаргандары үчүн» санкция тизмесине алганын билдирген.

Террор уюмудары Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ жана ПККнын атынан 2016-жылдын 9-декабрында кылмыш кылганы айыбы менен кармалган АКШлык кечил Брансон туурасындагы айыптоо тыянагында, динди жамынып алып аты аталган террор уюмдарынын атынан кылмыш кылганы жана жалпы стратегияларынын алкагында кыймыл кылуу биримдигинин ичинде болгону, уюмдардын максаттарын билип туруп жана атайылап кызматташканы белгиленген.

Брансондун америкалык бир аскерге жөнөткөн 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төкөрүш аракетинин ийгиликсиз болушуна капа болгону тууралуу билдирүү мазмунуна орун берилген айыптоо тыянагында, чөнтөк телефондогу «Түрктөрдү бушайман кыла турган кээ бир окуяларды күтүп жаттык эле. Исага кайтуу үчүн керектүү шарттар түзүлдү. Төңкөрүш аракети бир сокку болчу. Бир топ түрк өтмүштө болгону сыяктуу аскерлерге ишенди, бирок бул ирет абдан кеч эле. Жана төңкөрүш аракетинен кийин бул башка чайпалтуу. Менин оюмча окуялар жаман багытка кетет. Акырында биз жеңебиз»,деген билдирүүсү да делого тиркелген.



Тектеш кабарлар