АКШлык командир Түркияга келе жатат
Ал Анкарада жолугушууларды өткөрөт.
АКШнын Европа күчтөрү жана НАТО шериктеш күчтөрүнүн операция командири армия генералы Кертис Скапарротти, Түркияга келип Сирия темасында жолугушууларды өткөрөт.
Армия генералы Кертис эртең баш калаа Анкарада түрк жооптуу кызматкерлер менен жолугат.
Жолугушууларда басымдуу түрдө Сириянын түндүгүндөгү кырдаалдын каралышы күтүлүүдө.
Кертис 2-август бейшемби күнү болсо Аданадагы "Инжирлик" базасына барат жана ал жерден Измирге кетет.
АКШлык командир 27-июнда улуттук коргоо министри Хулиси Акар менен телефон аркылуу сүйлөшкөн эле.
Сүйлөшүүдө Сириянын түндүгүндөгү абал жана «Манбиж жол картасы» менен катар НАТО тууралуу айрым темаларда пикир алмашылганы билдирилген болчу.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.