Түркияга 3-атомдук станцияны Кытай салат

Эрдоган, Түштүк Африкада өткөн Бразилия-Россия-Индия-Кытай-Түштүк Африкадан турган БРИКСтин 10-Саммитинде Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолугушуу өткөрдү.

1021834
Түркияга 3-атомдук станцияны Кытай салат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кытайдын атомдук станция темасына оң мамиле көрсөткөнүн белгилеп, 4-станция бул өлкө менен баштала ала турганын айтты.

Эрдоган, Түштүк Африкада өткөн Бразилия-Россия-Индия-Кытай-Түштүк Африкадан турган БРИКСтин 10-Саммитинде Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолугушуу өткөрдү.

Түркиянын медиа мүчөлөрүнүн бул тууралуу суроолоруна жооп берген Эрдоган, Кытай менен Түркиянын ортосундагы атомдук энергия темасына токтолгондорун айтты.

Эрдоган атомдук энергия тармагында Орусия менен кадам ташталганын белгилеп: «Ал учурда салынып жатат. 20-22 миллиард доллардык инвестиция. Олуттуу инвестиция.
Экинчисине жапондор менен кол койдук. Үчүнчү жак катары француздар да бар ал жакта.Бирок эмнегедир начар абал бар анда»,-деди.

Үчүнчү станцияны Кытай менен салууну каалагандарын айткан Эроган: «Кытай 3-атомдук станцияга оң карап жатат. Буюрса аны да баштайбыз. Жакшы жерге жеттик. Көнүп алгандан кийин төртүнчүсүн да  алар менен байштай алабыз»,-деп айтты.


Этикеткалар: #Эрдоган , #Кытай

Тектеш кабарлар