Шырнакта 2 террорист жок кылынды

Шырнакта күзөт пунктуна ок аткан жикчил террор уюму ПККга мүчө 2 террорист жок кылынды.

1021621
Шырнакта 2 террорист жок кылынды

Шырнакта күзөт пунктуна ок аткан жикчил террор уюму ПККга мүчө 2 террорист жок кылынды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда борборго караштуу Улуттук Жандармериянын күзөт жайына ПККга мүчө бир топ террорист кол салды.

Ок атып качкан террористтерди кармаш үчүн Облустук Жандармерия командирлиги тарабынан операция башталды.

Үчкираз айылынын элет жеринде учаучсуз учуучу аппарат тарабынан белгиленген ПККга мүчө 2 террорист аймакка жакын жердеги аба базасынан жөнөтүлгөн абадан коштолгон операция менен жок кылынды.


Этикеткалар: #ПККга мүчө

Тектеш кабарлар