Түркия Канаданы эскертти

Түркия, жикчил террор уюму ПККга карай акыркы мезгилде жүргүзүлгөн операцияларда колго түшүрүлгөн куралдардын арасында Канададан чыккан куралдар табылганын билдирди.

1018971
Түркия Канаданы эскертти

Түркия, жикчил террор уюму ПККга карай акыркы мезгилде жүргүзүлгөн операцияларда колго түшүрүлгөн куралдардын арасында Канададан чыккан автоматтык мылтыктардын да табылышынын себебинен бул өлкөнү эскертти.

Канаданын улуттук медиа коомдорунан Постмедиага таандык «National Post», «Montreal Gazette» жана «Ottawa Citizen» гезиттеринде Дэвид Пюгли жазган «Канададан чыккан жөө аскер мылтыгы террористтердин колуна өттү» аттуу макалада ПККга мүчө террористтерде Канададан чыккан NEA-15 үлгүсүндөгү куралдар табылганы белгиленди.

Маалыматта Түрк куралдуу күчтөрүнүн апрель айында Мардинде жүргүзгөн операциясында ПКК колдонгон үңкүрдө Канададан чыккан атайын күчтөрдүн куралы колго түшүрүлгөнүн жана куралдардын окуя болгон жерде тартылган фотосүрөттөрүнүн Канаданын тийиштүү органдарына жеткирилгени маалымдалды.

Маалыматта колго түшүргөн куралдардын өндүрүүчүсүнүн Онтарио штатындагы North Eastern Arms-NEA аттуу фирма болгону жана фирманын жооптуу кызматкеринин аты аталган сатуунун Канаданын Федералдык өкмөтүнүн уруксаты менен жасалганын айтканы белгиленди.

Маалыматта айрыкча 2016-жылы Ирактын түндүгүндөгү пешмергелерге North Eastern Arms-NEA чыгарган куралдардын камсыздалганы, фирманын жооптууларынын аймакка саякат кылгандары жана ошол эле жылы Канададан Иракка миңден ашуун курал экспорту жасалганын белгиледи.

Маалыматка караганда Тышкы иштер министрлигинин атынан Байланыш боюнча улук кеңешчиси Жон Бэбкок, бул тема тууралуу териштирүү башталганын, ирактык жооптуу кызматкерлер менен байланышып санааркоолор билдирилгенин жана экспорттолгон куралдардын акыркы колдонулушу темасында кошумча кепилдиктер алынганын айтты.



Тектеш кабарлар