Эрдоган F-35тер тууралуу маалымат берди

Президент Эрдоган F-35тердин Түркияга тапшырылышын токтоткон АКШдагы мыйзам долбооруна токтолду.

1018519
Эрдоган F-35тер тууралуу маалымат берди

Президент жана «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, АКШдан алына турган F-35терди өткөрүп алуу темасында тынчсызданбагандарын айтты.

Эрдоган партиясынын Түркия Улуттук улуу жыйынындагы фракция жыйналышындагы сөз сүйлөөсүндө, F-35тердин Түркияга тапшырылышын токтоткон АКШдагы долбоорго токтолду.

F-35тердин тапшырылышы темасында кандайдыр бир түрдө тынчсызданбагандарын белгилеген Эрдоган: «АКШнын президенти Трамп, Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги (НАТО саммити убагында) жолугушуубузда бизге жазуу түрүндөгү билдирүүсүн да көрсөттү, мындай нерсе болушу мүмкүн эмес. Биз бул абалда кандайдыр бир терс ойдо эмеспиз»,-деп айтты.

АКШ Конгрессинин эки канаты Сенат менен Өкүлдөр палатасы, 716 миллиард долларлык коргонуу бюджетинин мыйзам долбоору боюнча макулдашуу түзүп, буга караганда Түркияга F-35 үлгүсүндөгү жаңы муундагы учактардын өткөрүлүп берилишинин убактылуу түрдө токтотулаары айтылган эле.


Этикеткалар: #F-35тердин , #учактын

Тектеш кабарлар