ТИКА Ливияда жаштар үчүн социалдык борбор ачты

ТИКА, Ливиянын Социалдык иштер министрлигинин Йафрен облусундагы кеңсеси жана Йафрен мэриясынын кызматташуусунда Жаштарга социалдык билим берүү борбору жана компьютер лабораториясы ачылды.

1017687
ТИКА Ливияда жаштар үчүн социалдык борбор ачты

Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) менен  Ливиянын Социалдык иштер министрлигинин кызматташуусунда Йафрен шаарында «Жаштарга социалдык билим берүү борбору жана компьютер лабораториясы» боюнча долбоор ишке ашты.

ТИКА, Ливиянын Социалдык иштер министрлигинин Йафрен облусундагы кеңсеси жана Йафрен мэриясынын кызматташуусунда Жаштарга социалдык билим берүү борбору жана компьютер лабораториясы ачылды.

Долбоорду тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн Йафрен шаарынын мэри Хүсейин Кафу, ТИКАнын колдоосу жана жардамдары менен бул борборду ачкандарын, бул үчүн ТИКАга ыраазы богондорун жана кызматташуусунун башка тармактарда да улантылышын каалагандарын айтты.

Социалдык иштер министрлигинин Йафрен облустук директору Муна Мухаммед Абдулхул да ишке ашырылган долбоорго ыраазы болгондорун белгиледи.

Долбоор үчүн ТИКАга ыраазы болгондорун белгилеген Абдулхул, долбоордун аймактын жаштарына чоң салым кошо турганына басым жасады.



Тектеш кабарлар