Ванда жараланган бир полиция кызматкери шейит болду
Билдирилген маалымат боюнча 15 - июль күнү бир үйгө операция жүргүзүлдү.
1014548
Ванда 3 күн мурда террордук уюмга карата жүргүзүлгөн операцияда жараланган бир атайын кыймыл полиция кызматкери дарыланып жаткан ооруканада шейит болду.
Ван полициясы ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү 2 террористтин максатын ишке ашыруу үчүн шаарга келгендиги тууралуу маалымат боюнча 15 - июль күнү бир үйгө операция жүргүздү.
Чыккан кагылышууда 2 террорист жок кылынып, 3 полиция кызматкери жараланган.
Дарыланып жаткан полициялардын бирөөсү бардык жардамдарга карабастан шейит болду.
Тектеш кабарлар
Антальядагы Караван парк 36 өлкөдөн 2 миңден ашуун конокту кабыл алды
Коньяалты районунда ачылган парк, караван менен эс алууну каалагандардын сүймөнчүлүгүнө айланды.