Президент Эрдоган «Хүррийет» жана «Сабах» гезиттери үчүн макала жазды

Эрдоган макаласын ФЕТӨнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракетине байланыштуу жазды.

1012581
Президент Эрдоган «Хүррийет» жана «Сабах» гезиттери үчүн макала жазды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, улуттун 15-июль түнү бир гана төңкөрүш аракетине бөгөт болбогонун, ошол эле учурда бүткүл дүйнөдөгү демократиянын намысын жана кадыр-баркын куткаргандыгын да белгиледи.

Президент Эрдоган 15-июль төңкөрүш аракетинин экинчи жылдыгында «Хүррийет» жана «Сабах» гезиттери үчүн макала жазды.

Эрдоган, саясий тарыхтын эң чоң чыккынчылыктарынын биринин улуттун эр жүрөктүүлүгүнүн негизинде жеңишке айлангандыгын баса белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдоган макаласында: «Түркия 15-июлдагы каршы туруусу менен жалгыз гана төңкөрүш аракетине бөгөт болгон жок, ошол эле учурда бүткүл дүйнөдөгү демократиянын кадыр-баркын куткарды»,-деп айтты.

15-июлдун бир гана Фетуллахчы террор уюунун (ФЕТӨ) мүчөлөрүнө эмес, төңкөрүш кылгысы келгендердин бардыгына жана террордук уюмдарга берилген эң так жооп болгонун белгиледи.

Президент Эрдоган, Түркиянын 15-июлдан мурункусуна салыштырмалуу дагы күчтүү жана демократиялуу экенин баса белгиледи.

Ошондой эле ФЕТӨнүн көпчүлүгүнүн жоюлгандыгын, 16 өлкөдө уюмдун мекемелеринин жабылгандыгын белгилеп: «ФЕТӨгө мүчө террористтерден улам дүйнөдөгү эч бир өлкөнүн коопсуз эмес экенин көрсөттүк. ФЕТӨнүн корбашчысы үчүн жүргүзүлүп жаткан юридикалык процессти чечкиндүүлүк менен улантабыз»,-деди.

 



Тектеш кабарлар