Түркиядан Пакистанга тик учар экспорту
Түркия менен Пакистандын ортосунда 30 Т129 АТАК тик учарынын сатылышына карата кол коюлду.
Түркия менен Пакистандын ортосунда 30 Т129 АТАК тик учарынын сатылышына карата кол коюлду. Ушундайча коргонуу өнөр жайынын эң чоң экспорту ишке ашырылды.
Коргонуу өнөр жайы министрлигинен берилген маалыматта Түрк авиация жана космостук өнөр жайы ТУСАШ менен Пакистан коргонуу өнөр жайы министрлигинин ортосунда улантылып жаткан Т129 АТАК тик учар тууралуу келишим боюнча сүйлөшүүлөр акыркы жыйынтыгына жетишти.
Эки өлкөнүн ортосунда 30 Т129 АТАК тик учарынын сатылышына карата расмий келишимге кол коюлду.
ТУСАШ бул сатуу менен бирге логистикалык, запас тетик, билим берүү жана ок - дары тууралуу кенен түрдө келишим пакети боюнча макулдашуу түзүлдү.
Кыйын климаттык жана аймактык шарттарга ылайык түзүлгөн долбоор менен Т129 АТАК чабуул жана тактикалык чалгындоо тик учары, жаңы муундагы курал системалары жана классындагы эң жогорку аткаруучу өзгөчөлүктөрү менен түрк куралдуу күчтөрү жана ички иштер министрлигинин инвентарында колдонулууда. АТАК бул өзгөчөлүктөрү менен глобалдык базарлардагы атаандаштыкта эң маанилүү актерлордун арасында орун алууда.
Пакистан кургак жер күчтөрү тарабынан Түркия жана Пакистанда кенен түрдөгү тесттерге киргизилген Т129 АТАК тик учары бардык тесттерден ийгиликтүү өтүп муктаждыктарды камсыздады.
АТАК дүйнөдө өз классындагы эң таасирдүү чабуул коючу тик учар болуу өзгөчөлүгүн дагы бир жолу далилдеди. Бул келишим менен Түркия республикасы тарыхынын эң чоң коргонуу өнөр жайы экспорту ишке ашырылган болду.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Израиль менен Ирандын тирешүүсүнө карата үн катты
Президент Режеп Таййип Эрдоган өкмөт жыйынынан кийин билдирүү жасады.