Түрк тили Таиландда окуу программасына киргизилди

Түрк тилинин окуу программасына киргизилиши үчүн протоколго кол коюлду.

1006568
Түрк тили Таиландда окуу программасына киргизилди

Түрк тили Таиландда окуу программасына киргизилди.

Малайзиянын баш калаасы Куала-Лумпурдагы Юнус Эмре институту менен Таиланддын Паттани шаарындагы «Integrated Islamic School» ортосунда түрк тилинин окуу программасына киргизилиши үчүн протоколго кол коюлду.

Протоколго караганда мектепте билим алган окуучулар түрк тили сабагын алышат.

Азыртадан эле бул сабакка чоң кызыгуу болуп жаткан мектепте 442 окуучу түрк тилин үйрөнмөкчү.



Тектеш кабарлар