Пакистандын премьер  - министри Насырул Мүлк Эрдоганды куттуктады

Насырул Мүлк Түркиянын демократиясы менен бир топ өлкөгө модель болгондугун айтты.

1001634
Пакистандын премьер  - министри Насырул Мүлк Эрдоганды куттуктады

Пакистандын премьер  - министри Насырул Мүлк Президент Р. Т. Эрдоганга телефон чалып, 24 -  июнда болгон шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

Пакистандын премьер  - министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда премьер  - министр Мүлк 24 -  июндагы президенттик жана 27 -  чакырылыштагы парламенттик шайлоодогу жеңишинен улам Президент Эрдоганды куттуктады.

Маалыматта шайлоодогу ийгилигинин Түркия ичинде болгон өсүү жана өнүгүү чүйрөсүн жогорку деңгээлге чыгарары белгиленди.

Түркиянын демократиясы менен бир топ өлкөгө модель болгондугу белгиленген маалыматта : «Түркия демократиясы, түрк калкынын кайра кайра берген ишеним добушу менен дагы да күчтөндү. Түрктөр Президент Эрдоганга ишенишкендерин көрсттү»,- деп билдирилди.

«Эки өлкө, бир тууган мусулман өлкөлөр менен дагы көп шайкеш келүү тууралуу жана аймактын узун мөөнөттүү тычтык, коопсуздук, ырааттуулук жана социо  - экономикалык  өнүгүүсү үчүн  өнөктөштүктү улантат»,- деп билдирилди маалыматта.



Тектеш кабарлар