ПКК/ПЙД – ЙПГ террордук уюму 4 - июлдан баштап Манбижден чыга баштайт

АКШнын Ф  - 35 аскердик учактарын Түркияга тапшыруусунда тынчсыздануу жок.

996917
ПКК/ПЙД – ЙПГ террордук уюму 4 -  июлдан баштап Манбижден чыга баштайт

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу ПКК/ПЙД – ЙПГ террордук уюмунун 4 -  июлдан баштап Сириянын Манбиж аймагынан чыгарын жарыялады.

Мевлют Чавушоглу  Антальяда ишкерлер жана алдыңкы кишилер менен эрте мененки тамакта жолугушту. Бул жерде тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШ менен макулдашылган Манбиж планы тууралуу маалымат берди.

Жол картасынын  иштеп жаткандыгын айткан Чавушоглу бир айлык алдыңкы даярдык иштеринен кийин ишке ашыруу баскычынын башталарын белгиледи. Чавушоглу : «Эң негизгиси 4 -  июлдан мурда тактап айтканда 4 -  июнь жана   4 -  июль арасында даярдык иштеринин акырына чыгышы жана 4 -  июлдан баштап террористтердин аймактан чыга башташы,  календерь ушундай иштеп жатат»,- деди.

Ушул кезге чейин жол картасынын толук мааниси менен ишке ашырылгандыгын баса белгилеген Чавушоглу : «Террористтердин аймакты бошотуу планында эч бир кемчилик жок. Ошондуктан мындан кийинки процесстин да ушул бойдон кетеринде шек жок»,- деди.

АКШ менен түзүлгөн макулдашууну дипломатиялык жеңиш катары мүнөздөгөн Чавушоглу : «Аянтта оболу кадам таштайбыз, андан кийин столдо бул таштаган кадамды акырына чейин жактайбыз»,- деди.

АКШнын Ф  - 35 аскердик учактарын Түркияга тапшыруусу тууралуу тынчсызданууларынын болбогондугун да белгилеген Чавушоглу : «Түркия чарасыз жана альтернетивсиз эмес»,- деди. Чавушоглу АКШнын да Түркия сыяктуу бир союздашын жоготууну каалабай тургандыгын айтты.



Тектеш кабарлар