Түркия 2039-жылга дейре 11 спутнигин космоско учурат

Президент Режеп Таййип Эрдоган,социалдык медиа тармагынын атайын берүүсүндө «Жаштар жана технология жолугушуусу» аттуу программада жаштардын суроолоруна жооп берди.

995146
Түркия 2039-жылга дейре 11 спутнигин космоско учурат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын 2039-жылга дейре 11 спутнигин космоско учура турганын айтты.

Эрдоган, социалдык медиа тармагынын атайын берүүсүндө «Жаштар жана технология жолугушуусу» аттуу программада жаштардын суроолоруна жооп берди.

16 жылда космоско 10 спутник учургандарын баса белгилеген Эрдоган: «2039-жылга дейре 11 спутнигибизди учурабыз»,-деди.

Президент Эрдоган: «2020-жылы жана 2021-жылы Түрксат 5А жана Түрксат 5Вны америкалык демилгечи Элон Мусктун Фалкон ракетасы менен учурабыз. Муну өзү менен сүйлөштүк. Ал да оң карады»,-деп айтты.

Коргоо өнөр жайында улуттук өндүрүшкө басым жасаган Эрдоган, куралдуу жана куралсыз учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарган Түркиянын террор менен күрөшүүдө чоң жолду басып өткөнүн айтты.

Эми куралдуу жана куралсыз учкучсуз учуучу аппараттардын уландысы болгон Акынжынын жасалып чыгарыла турган абалга келгенине көңүл бурган Эрдоган: «Акынжынын абалы дагы да мыкты болот. Акынжы 4-5 тонна салмагында, бирок 1,5 тонна курал ташый алат. Атмосферада көпкө чейин учуп жүрүү өзгөчөлүгү болот»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, дүйнө жүзү менен атаандашууда Акынжы менен башка позицияга жетилгенин түшүндүрүп, «Анткени учурда дүйнөдө биздин атаандаштык аянтыбызда ошол, бизди абдан күчтүү кылган куралыбыз болот»,-деди.

Улуттук чабуул тик учары АТАКтын чыгарылышы ылдам улантылганын айткан президент Эрдоган,учурда армиянын 34 чакты АТАК тик учарын колдонуп жатканын белгиледи.

Президент Эрдоган, андан кийин суроолоруна жооп берген жаштар менен бирге АТАК тик учарын жасап чыгаруучу жана чогултуучу ишкананы кыдырып чыкты.

Жергиликтүү автомобиль жасап чыгара турган фирмалар менен эң алдыңкы технолггияны, мындайча айтканда акылдуу программа, электрдүү заряд акумулятордуу машиналарды сүйлөшкөндөрүн айткан Эрдоган, мунун өлкө ичи дүң продукцияга эң аз 50 миллиард доллардык салым кошо турганын айтты.

Долбоорлоо иштеринин даярдыктары уланып жатканын айткан Эрдоган, жергиликтүү жана улуттук унаалар үчүн 2022-жылды максаттап жаткандарын белгилеп: «2022-жылы биз өзүбүздүн жергиликтүү унаабызды өлкөбүздө көрө турганыбыз сыяктуу эле дүйнөлүк базарларга да экспорттойбуз»,-деди.



Тектеш кабарлар