Жараланган жандармериянын капитаны Юнус Челеби шейит болду

Шейит болгон аскердин сөөгү эртең туулган жери Эрзурумда жерге берилет.

993459
Жараланган жандармериянын капитаны  Юнус Челеби шейит болду

Шырнактагы террордук операцияда жараланган жандармериянын капитаны Юнус Челеби Анкарада дарыланып жаткан ооруканада шейит болду.  

Коопсуздук булактардан алынган маалыматка караганда Шырнактын Бестлер Дерелер аймагында  8 -  июнда баштатылган операцияда 11 -  июнда жикчил ПКК террордук уюмунун террористтери менен чыккан кагылышууда жараланган жандармериянын капитаны Юнус Челеби Шырнак мамлекеттик ооруканасында дарылангандан кийин Анкарадагы Гүлхане билим берүү жана изилдөө ооруканасына алып барылды.

Бир канча убакыттан бери Анкарадагы бул ооруканада дарыланган капитан Челеби бардык жардамдарга карабастан бүгүн каза болду.

Шейит болгон аскердин сөөгү эртең туулган жери Эрзурумда жерге берилет.

 



Тектеш кабарлар