Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен Кытайдын вице  - президенти Ванг Чишан жолугушуусу

Тышкы иштер министри Чавушоглу Түркиянын Кытай менен карым  - катнаштарга маани бергендигин билдирди.

993087
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен Кытайдын вице  - президенти Ванг Чишан жолугушуусу

 Кытайга сапар менен барган тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кытайдын вице  - президенти Ванг Чишан менен жолугушту.

Тышкы иштер министри Чавушоглу Түркиянын Кытай менен карым  - катнаштарга маани бергендигин билдирди.

Эки өлкө лидерлери макулдашкан жагдайларда эки тараптуу карым  - катнаштарды өнүктүрүүнү каалашкандарын айткан Чавушоглу Түркиянын Кытай менен карым  - катнаштарын дагы да жогорку деңгээлге алып баруу эркин баса белгиледи.

Кытайдын вице  - президенти Ванг да Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоону белгилеп, ушундай тыгыз күн тартиби туруп Чавушоглунун Кытайга расмйи сапар менен келиши Түркия тарабынан эки тараптуу карым  - катнаштарга берилген маанинин көрсөткүчү болгондугун айтты.

Президент Р. Т. Эрдоган менен Кытайдын президенти Си Цзиньпиндин апрель айында өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүн эске салган Ванг эки лидердин ортосунда мыкты сүйлөшүү болгондугун билдирди.



Тектеш кабарлар