ТИКА Жибутиге азык - түлүк жардам берди

ТИКА Чыгыш Африка өлкөсү Жибутидеги 1136 үй  - бүлөгө азык түлүк жардам берди.

991280
ТИКА Жибутиге азык  - түлүк жардам берди

Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин башкармалыгы ТИКА Чыгыш Африка өлкөсү Жибутидеги 1136 үй  - бүлөгө азык түлүк жардам берди.

ТИКАдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда проектинин негизинде Жибути аял жана үй  - бүлө министрлиги жана Жибути мэрдигинин кызматташтыгында борбор шаар Жибутинин башка аймак жана отурукташуу жерлериндеги муктаж үй  - бүлөлөр такталды.

Даярдалган азык  - түлүк пакеттери ТИКА тарабынан борбор шаар жана Тажура аймагында берилген 900 кишилик ооз ачыруу программаларынан кийин таркатылды.

Азык  - түлүктөрдү таркатуу аземине катышкан жибутилик жетекчилер менен үй  - бүлөлөр ТИКА башта болуу менен Түркия жана түрк калкына рахмат айтышты.

ТИКАнын колдоосу менен Жибутиде рамазан айында 6 миң кишинин негизги азык  - түлүк муктаждыктары камсыздалды.



Тектеш кабарлар