Грециядан Түркияга кирген сириялык кармалды

Грециянын Самос аралынан кано менен Түркияга мыйзам тышы жол менен кирген сириялык качкын Кушадасы районундагы улуттук паркта кармалды.

987870
Грециядан Түркияга кирген сириялык кармалды

Грециянын Самос аралынан кано менен Түркияга мыйзам тышы жол менен кирген сириялык качкын Кушадасы районундагы улуттук паркта кармалды.

Айдын облустук жандармерия командирлигинин топтору Дилек жарым аралынын Бүйүк Мендерес дельтасынын улуттук паркында шектүү бир кишинин бар экендиги тууралуу кабар алды.

Аймакка барган  топтор Сирия тектүү экендиги аныкталган кишини камоого алды.

Полициялык пунктка алып барылган шектүү киши качкын катары барган Грецияда Самос аралында 2 айга жакын убакыттан бери лагерде жашап жаткандыгын, Газинатептеги үй  - бүлөсүнө  баруу үчүн кано менен деңизге чыккандыгын айткандыгы билдирилди. Кармалган сириялык киши андан киийн Айдын облустук миграция директорлугуна алып барылды.



Тектеш кабарлар