Тышкы иштер министри Мелют Чавушоглу Меркелдин чакыруусун кайталады

Тышкы иштер министри Чавушоглу менчик бир телекөрсөтүү каналында күн тартиби тууралуу маалымат берди.

982503
Тышкы иштер министри Мелют Чавушоглу Меркелдин чакыруусун кайталады

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Президент Р. Т. Эрдоганды чакыргандыгын жана бул чакыруунун Түркияда шайлоо чечиминен мурда келгендигин кайталады. Тышкы иштер министри Чавушоглу менчик бир телекөрсөтүү каналында күн тартиби тууралуу маалымат берди.

Германиянын канцлери Меркелдин Президент Эрдоганды Германияга чакыргандыгына байланыштуу басма сөздө чыккан кабарлардын эске салынышы менен Чавушоглу бир канцлердин тышкы иштер министрине колдон чакыруу катын бербей тургандыгына көңүлдөрдү буруп : «Окуянын маңызы эмне? Президентибиз акыркы телефон сүйлөшүүлөрүндө Германиянын президенти Фрэнк  - Вальтер Штайнмайер  жана Меркель менен өткөргөн сүйлөшүүдө президентибиздин Германияга жасаган сапары сөз болду жана Германияга келишин күтүшкөндүгүн да айтышты. Ал учурда шайлоо чечими чыгарылган эмес болчу»,- деди.

Өзүнүн кечээки Германия сапарында Меркелге Президент Эрдоган жана премьер  - министр Бинали Йылдырымдын саламын билдирген Чавушоглу : «Шайлоодон кийин урматтуу президенттин сапарын пландайбыз, урматтуу президентти күтөбүз. Бирок расмий чакыруу дебеди. Ошондуктан андан мурда сөз болгон маселенин уландысы. Бул да табигый нерсе. Шайлоодон кийин урматтуу президенттин сапарын күтүп жатабыз деп айтышы да бир канцлер үчүн табигый нересе»,- деди.

 



Тектеш кабарлар