Палестина Түркияга ыраазычылыгын билдирди

Палестина өкмөтү, президент Режеп Таййип Эрдоганга кезектеги жетекчи сыпаты менен Ислам Кызматташтык Уюмун (ИКУ) кезексиз чогулушка чакыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

976722

Премьер-министр Рами аль-Хамдаллахтын жетекчилигинде өткөн жумалык кабинет жыйналышынан кийин Палестинанын Министрлер кеңешинен жазуу түрүнө билдирүү жарыяланып, «Палестина калкы катары, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоганга, Түркия өкмөтүнө жана Түркия калкына, Палестинадагы орчундуу абалды сүйлөшүү үчүн ИКУну кезексиз чогулушка чакырганынан улам ыраазычылык билдирет»,делди.

АКШнын Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүүсүнө нааразылыгын билдирүү үчүн 14-майда Газа тилкесинде болгон тынчтыкчыл митингдерге кийлигишкен Израиль аскерлеринин 60тан ашуун палестиналыкты шейит кылганы боюнча ИКУнун Ислам Саммити президент Эрдогандын демилгеси менен 18-майда Стамбулдагы конгресс борборуна күтүүсүз чогулган болчу.

Тектеш кабарлар