Түркиянын Агры облусунда 2 аскер шейит болду

Башкы штаб төрагалыгынын жарыясына караганда Догубейазытта жикчил террор уюму тарабынан жолго көмүлгөн колго жасалган жарылуучу зат аскердик унаа өтүп бара жатканда жардырылды.

975116
Түркиянын Агры облусунда 2 аскер шейит болду

Түркиянын Агры облусунда жикчил террор уюму ПКК террористтери тарабынан жолго көмүлгөн жарылуучу заттын жардырылышынын себебинен 2 аскер шейит болду.

Башкы штаб төрагалыгынын жарыясына караганда Догубейазытта жикчил террор уюму тарабынан жолго көмүлгөн колго жасалган жарылуучу зат аскердик унаа өтүп бара жатканда жардырылды.

Бир аскер окуя болгон жерде шейит болду, жаралуу бир аскер ооруканада көз жумду.

Жарыяда: «Түрк куралдуу күчтөрү асыл түрк улутунан алган дем күч менен бардык террордук уюмдарга каршы күрөшүүсүн эң акыркы террорист жок кылынганга дейре чечкиндүүлүк менен улантат»,делди.

Аймакта абадан коштолгон кеңири операция баштатылды.



Тектеш кабарлар