Президент Эрдоган менен Мадуро келишимге кол коюшту

Президент Р. Т. Эрдоган менен Венесуэланын мамлекет башчысы Мадуро телеконференция аркылуу эки өлкөнүн ортосунда келишимге кол коюшту.

973684
Президент Эрдоган менен Мадуро келишимге кол коюшту

Президент Р. Т. Эрдоган менен Венесуэланын мамлекет башчысы Мадуро телеконференция аркылуу эки өлкөнүн ортосунда келишимге кол коюшту.

Президент Р. Т. Эрдоган президенттик комплексинде телеконференция аркылуу Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро менен сүйлөштү. Сүйлөшүүдө эки өлкөнүн ортосунда келишимге кол коюлду.

Президент Эрдоган : «Венесуэла менен 2016 -жылы 83 миллион доллар болгон соода көлөмөбүздүн 2017 -жылы 154 миллион долларга жетиши оң абал. 2018-жылдын биринчи 3 айында соода көлөмүбүзжарым миллиард доллардан ашуусуна ыраазы болдум. Бул жылдын акырына чейин 2 миллиард долларга жетерине ишенем»,- деди.

Эрдоган сүйлөшүүдө Венесуэлада 20 -майда боло турган президенттик шайлоонун тынчтык ичинде өткөрүлүшү жана жакшы иштерге себеп болушун каалады.

Шайлоодо Мадурого ийгилик каалаган Эрдоган Түркияда 24 -июнда президенттик жана депуттардын жалпы шайлоосунун өткөрүлөрүн айтты.

Эки өлкөнүн жетекчилеринин өз араларындагы жогорку деңээлде иш алып барууларынын Түркия- Венесуэла карым- катнаштарын келечекке күчтүү түрдө алып барарын баса белгилеген Эрдоган : «Алдыбыздагы жумада боло турган шайлоону жакындан иликтеп жатам. Ийгиликтүү болоруңузга ишенем»,- деди. Эрдоган 24 -июндагы шайлоодонөзү да ийгиликтүү чыга турган болсо эки өлкөнүн ортосундагы карым- катнаштардын дагы күчтүү абалга келерин баса белгиледи.

Эрдоган Мадуронун 13 -декабрда Стамбулда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз саммитине атайын конок катары катышуусуна ыраазы болгондугун билдирди.

Венесуэланын мамлекет башчысы Мадуро болсосөзүн президент Эрдоганга Каракастан салам айтуу менен баштады. Өлкөсүндө 20 -майда болушу күтүлүп жаткан шайлоо үгүтүндө жакшы каалоо – тилектри үчүн кесиптешине рахмат айткан Мадуро : «Келерки жекшемби күнү Венесуэла калкы бүткүл дүйнөгө үлгү боло турган демократиянын эмне экендигин көрсөтөт»,- деди.

Түркия менен дайыма диалог ичинде болуудан ыраазы экендигин билдирген Мадуро эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык карым- катнаштардын бекем кадамдар менен алдыга жылып бара жаткандыгын белгиледи.

Мадуро Жакынкы Чыгышта болуп жаткан абалдарды жакындан иликтегендигин билдирип, : «Өзгөчө акыркы мезгилде Палестинада болгондордун негизинде бардык мусулман өлкөлөргө жана Палестинага колдоо бергендигибизди ачыкча айтамын»,- деди.

Эки тараптуу карым- катнаштарды бекемдөө үчүн аракет кылышкандарын белгилеген Мадуро : «Биз бирдикте ортобуздагы стратегиялык келишимдерди, өзгөчө экономикалык темалардагы келишимдерди дагыалдыга жылдырууга аракет кылышыбыз керек. Ортобуздагы технологиялык, экономикалык, кызматташтык келишимдерди дагы жакшы иликтеп алдыга жылдыруубуз керек. Ортобуздагы бул телеконференция алдыбыздагы күндөрдө түзө турган жаңы келишимдердин дагы да алдыга жылышына жардам берет».



Тектеш кабарлар