Израилдин кылганы геноцид болуп эсептелет

Расмий сапар менен Англияга барган Эрдоган, бул жерде түрк студенттерге кайрылып, кеңири маалымат берди.

971160
Израилдин кылганы геноцид болуп эсептелет

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Израилдин палестиндерге кылган зулумдугун, «Бул кыргын салууга жана буга үн катпай калгандарга наалат айтамын»,-деди.

Расмий сапар менен Англияга барган Эрдоган, бул жерде түрк студенттерине кайрылды.

АКШнын Израилдеги Элчилигинин Кудуска көчүрүлгөн учурунда ондогон палестиндердин Израилдин аскерлери тарабынан шейит кылынышына каршылык көрсөткөн Эрдоган: «Израиль мамлекеттик террорду жүргүзүүдө. Израиль террор мамлекети болуп саналат»,-деп айтып Түркиянын палестиналык туугандарын колдоосун чечкиндүүлүк менен уланта турганын баса белгиледи.

Президент Эрдоган: «Бүгүн Израилдин террорунан курман болгон газалык шейиттерибиздин, палестиналык шейиттерибиздин жаткан жерлерин жайлуу кылышын улуу Жараткандан тилеймин. Ошол эле кол салууларда жаракат алган палестиналык туугандарымдын тез сакайып кетишин тилеймин»,-деди.

Палестинада кечээ болгон окуяларда 2500дөй палестин жаракат алганын билдирген Эрдоган, жаралуулардын арасында реанимацияда жаткандар да бар экенин жана аларга дары-дармек жеткирүүдө кыйынчылык тартып жаткандарын айтты.

Президент Эрдоган: «Мен бул адамзат трагедиясына кайсы тараптан болсо болсун, маа десе АКШ, маа десе Израиль болсун наалат айтамын жана буга үн катпай калгандарга да кечирип койгула аларга да наалат айтамын. Чындыгында кайсы бир жерде ушул сыяктуу жагдайлар болгондо же болбосо өлкөбүзгө сапар менен келгендер биз менен жолукканда террористтер менен күрөшүүбүздүн себебинен террористтерди өлтүргөнүбүздө бизге суроо жаадыргандар, учурда өз жерлерин басып алгандарга кымындай да үн каткан жери жок. Учурда Израиль мамлекеттик террорду жүргүзүп жатат. Израиль террор мамлекети болуп саналат жана террор мамлекети катары да учурда таштаган кадамдары менен муну далилдеп жатат.

Тилекке каршы Америка, (Сирияда жикчил террор уюму) ПЙД, ЙПГ менен бирге ДЕАШка каршы күрөшүп жатканын айтып кандай кызматташтык  кылып жатса, мына бул жерде да тилекке каршы Израиль менен аесуз түрдө кызматташтыкка кирди. Израилдин кылганы геноцид болуп эсептелет жана бул геноцидди алгач ирет бүгүн кылган жок. 1948-жылдан бери билесиздер бул баскынчылык уланууда жана кичирейип отуруп Палестина бүгүнкү бир ууч жерде калды. Эми болсо бул жерден кууп чыгуунун аракетин кылууда. Мыйзамсыз чыгарылган чечимге каршы бир гана демократиялык укуктарын колдонгон жарандарга карай бул кол салуулар дагы бир жолу Израилдин чыныгы жүзүн ортого салды»,-деп айтты.

Кол салуу кабарларын алары менен өкмөт башчы Бинали Йылдырым жана башка тийиштүү кишилер менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөрүн айткан Эрдоган: «Кеңешүүлөрүбүздүн натыйжасында Түркия катары болуп жаткан мыкаачылыкка карышылык көрсөтүү үчүн айрым чечимдерди чыгардык. Палестиналык туугандарыбыз менен кеңешүү үчүн өлкөбүздө бүгүнтөн баштап 3 күн улуттук аза күтүү жарыяладык. Айрыкча кезектеги жетекчилигин кылган ИКУну да кезексиз жыйналышка чакыруудабыз. Жума күнү эртеден түшкө чейин кезексиз жыйыныбызды өткөрөбүз, түштөн кийин да Йеникапы аянтында чоң жолугушуубузду зулумдукка каршы өткөрөбүз буюрса.

Муну менен катар БУУнун башкы ассамблеясын да шашылыш жыйналышка чакыруудабыз. Буюрса бүгүн Түркия Улуу Улуттук Жыйыныбыз да атайын күн тартип менен чогулат. Айрыкча палестиналык туугандарыбыз менен колдошуубузду көрсөтүш үчүн жума күнү таштай турган кадамды Стамбулда таштасак, жекшемби күнү да Диярбакырда митингдерди өткөрөбүз жана бул сериалуу түрдө уланат. ИКУ катары Рамазан айы бою мүчө өлкөлөрдө палестиналык туугандарыбыз үчүн жардам чогултуу акциясын уюштурабыз, каттарды жаздым, кол коюлду жана бул каттар да лидерлерге жөнөтүлүүдө. Муну менен катар лидерлерге бир тараптан өзүм телефон чалсам, өкмөт башчыларга да өкмөт башчыбыз, тышкы иштер министр да тышкы иштер министрлерине телефон чала башташат. Жума күнү өткөрө турган саммитти ыңгайлуу түрдө өткөрөлү»,-деди.

Түрк Кызылайынын Газага бүгүн 100 миң доллардык шышылыш сатып алуу кылып, Газадагы ооруканаларга жардамдарды жеткире баштаганын айткан президент Эрдоган: «Апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгыбыз (AFAD) жана Башкы штаб төрагалыгыбыздын координациясында Газадагы жаралуулардын эвакуацияланышы үчүн керектүү иштерди баштадык»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар