Түркия менен Сербиянын соода көлөмүн 3 миллиард долларга жеткиребиз

Түркия-Сербия Ишкердик форуму президент Эрдоган жана Сербиянын президенти Александр Вучичтин катышуусунда кечээ кечинде Стамбулда өттү.

965374
Түркия менен Сербиянын соода көлөмүн 3 миллиард долларга жеткиребиз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия менен Сербиянын ортосундагы соодага байланыштуу өткөн жылы эки тараптуу соода көлөмүнүн 1 миллиард доллардан ашканын, бул санды кыска мөөнөттүн ичинде 2, андан соң 3 миллиард доллар деңгээлине жетикрүүнү максаттагандарын айтты.

Түркия-Сербия Ишкердик форуму президент Эрдоган жана Сербиянын президенти Александр Вучичтин катышуусунда кечээ кечинде Стамбулда өттү.

Форумда сөз сүйлөгөн Эрдоган, Сербиянын президенти Вучич менен бирге ишкерлерге жолукканы үчүн кубанычта экенин айтып, бул жыйналыштын эки өлкө үчүн жаңы кызматташтыктарга, долбоорлорго, инвестицияларга каалга ачышын каалады.

Эрдоган, Түркия үчүн дос өлкө болгонун билдирегн Сербиянын Балканда болсо тынчтык жана ырааттулук үчүн чечүүчү өлкө болгонун айтты.

Президент Эрдоган, Сербия менен эки тараптуу карым-катнаштарды бардык тармакта өнүктүрүү, дагы да өнүккөн абалга алып баруу үчүн эки өлкөдө тең абдан күчтүү эрк бар экенин баса белгилеп, Вучичтин Түркия сапарын бул эрктин түшүнүктүү белгиси катары көргөнүн билдирди.

Эрдоган, бүгүн боло турган Түркия-Сербия Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин алгачкы жыйналышы менен кызматташтыктарындагы ылдамдыкты дагы да арттыра тургандарын маалымдады.



Тектеш кабарлар