Башкы штабдын төрагасы Хулуси Акар Пакистанда жолугушууларды өткөрдү

Арминянын генералы Акарды сапарында Түркиянын Исламабад элчиси Ихсан Мустафа Юрдакул коштоду.

964500
Башкы штабдын төрагасы Хулуси Акар Пакистанда жолугушууларды өткөрдү

Башкы штабдын төрагасы,  армиянын генералы Хулуси Акар расмий сапар менен барган Пакистанда аба жана деңиз күчтөрү командирликтеринде  жолугушууларды өткөрдү.

Арминянын генералы Акарды сапарында Түркиянын Исламабад элчиси Ихсан Мустафа Юрдакул коштоду.

Аба күчтөрүнүн командирлигинде расмий азем менен тосулуп алынган армиянын генералы Акар аба күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Мүжахид Энвер Хан менен басма сөзгө жабык түрдө жолугушуу өткөрдү.

Армиянын генералы Акардын Исламабаддагы экинчи аялдамасы деңиз күчтөрү командирлиги болду. Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Акар деңиз күчтөрүнүн командири, адмирал Зафер Махмуд Аббаси тарабынан расмий азем менен тосулуп алынды.

Деңиз күчтөрү командирлигинен берилген маалыматта : «Армиянын генералы Акар Пакистандын деңиз күчтөрү командирлигинен аймакта тынчтык жана ырааттуулуктун түзүлүшү үчүн аракет кылуусун колдоду»,- деген сөздөргө орун берилди.

Маалыматта жолугушуунун деңизчилик жана коргонуу тармагында кызматташтыктын өнүгүшү үчүн маанилүү экендиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар