Ирактын түндүгүндөгү Кани Раш аймагында бир аскер шейит болду

«Зайтун бутагы» операциясынын башталышынан бери 4 миң 305 террорист жок кылынды.

960245
Ирактын түндүгүндөгү Кани Раш аймагында бир аскер шейит болду

Ирактын түндүгүндөгү Кани Раш аймагында ПКК террордук уюмдун террористтери тарабынан жасалган куралдуу кол салууда бир аскер шейит болуп, бир аскер жараланды.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Кани Раш аймагындагы түрк куралдуу күчтөрүнө  террордук уюм тарабынан куралдуу кол салуунун жасалгандыгы белгиленди. Кол салууда бир аскердин шейит болгондугу, бир аскердин жаралангандыгы билдирилип, террористтерди жок кылуу максатында аймакта абадан колдоо берилген операциянын баштатылгандыгы белгиленди.

Ошол эле учурда түрк куралдуу күчтөрү тарабынан 20 – 27 -  апрелде Тунжели, Сиирт, Диярбакыр, Шырнак жана Ирактын түндүгүндөгү операцияларда 41, Сириянын Африн аймагына карата 20 -  январда башталган «Зайтун бутагы» операциясынын башталышынан бери 4 миң 305 террорист жок кылынды.

Диярбакырдын Лиже жана Кулп райондорунда террордук уюм ПККга карата операцияда 8 баш калкалоочу жер жок кылынды. Операцияда кээ бир электр материалдары, уюмдун көп сандаган документи, кийим – кече жана турмуштук материал да колго түшүрүлдү.

 

 



Тектеш кабарлар