Түркияга ооганстандык мигранттардын агымы күч алды

Ички иштер министри маалымат берди.

958389
Түркияга ооганстандык мигранттардын агымы күч алды

Ички иштер министри Сулейман Сойлу, Түркиянын Ооганстан улутундагы жаңы көч толкуну менен бетме-бет келгенин айтты.

Министр Сойлу, облустук миграция директорлорунун жыйынындагы сөз сүйлөөсүндө: «Акыркы айларда өзгөчө ооган тектүү мигранттардын агымы менен бетме-бет келдик. 2018-жылдагы качкын-көчмөндөрдүн арасында 29 миң 899 киши Ооганстан улутундагылар. 2017-жылы ооган качкындардын жалпы саны 45 миң 259 киши эле»,-деди.

Сүлейман Сойлу 2017-жылы 4 миң 641, 2018-жылы болсо апрель айынын башына чейин 1 миң 328 качкындын кармалганын да билдирди.



Тектеш кабарлар