Илхам Алиев Түркияга келе жатат

Алиев 11-апрелдеги шайлоону жеңип кайрадан президент болуп шайланган болчу.

957438
Илхам Алиев Түркияга келе жатат

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, 11-апрелде өткөрүлгөн шайлоону жеңип кайрадан президент болуп шайлангандан кийин чет өлкөгө алгачкы сапарын бүгүн Түркияга жасайт.

Президенттиктин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, Азербайжандын президенти Илхам Алиев 24-25-апрелде Түркияга расмий сапар жасайт.

Сапардын алкагында, президент Режеп Таййип Эрдоган менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жетекчилигинде Түркия-Азербайжан жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 7-жыйына өткөрүлөт.

Сапардын алкагындагы жолугушууларда, Азербайжан менен эки тараптуу карым-канташтардын дагы да бекемделиши үчүн таштала турчу кадамдар каралып, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашылат.



Тектеш кабарлар