Жогорку шайлоо кеңешинин жарлыгы

Жарлыкка караганда 2018-жылдын 24-июнунан эң аз 6 ай мурда уюмун курган жана чоң курултайларын өткөргөн 10 партия шайлоого катышат.

956875
Жогорку шайлоо кеңешинин жарлыгы

24-июнда боло турган президенттик жана 27-чакырылыштагы парламенттик шайлоолорго 10 партия катышат.

Добуш берүү процедуралары жалпы өлкөдө саат 8:00дө башталат жана 17:00дө соңуна чыгат.

Жогорку шайлоо кеңешинин 24- июнда боло турган президенттик жана 27-чакырылыштагы парламенттик шайлоолорго катыша турган партиялар тууралуу жарлыгы Расмий гезиттин кайталанган санында жарыяланды.

Жарлыкка караганда 2018-жылдын 24-июнунан эң аз 6 ай мурда уюмун курган жана чоң курултайларын өткөргөн 10 партия шайлоого катышат.

Буга караганда Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АК партия), Көз карандысыз Түркия партиясы, Улуу биримдик партиясы (BBP), Жумурият элдик партиясы (CHP),Демократ партия, Элдик демократиялык партия(HDP),  İYİ партия, Улуттук кыймыл партиясы (MHP), Саадет патиясы жана Мекен партиясы шайлоого катышат.

Жарлыкта Парламентте фракциясы болгон партиялардын AK партия, CHP, MHP, HDP жана İYİ партия экени да белгиленди.

Бир тараптан чечимге ылайык шайлоодо добуш берүү процедурасы бүтүндөй өлкөдө саат 8:00дө башталып саат 17:00дө аяктайт.

 



Тектеш кабарлар