Президент Эрдоган мөөнөтүнөн эрте шайлоо болорун билдирди

Эрдоган Улуттук Кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели менен президенттик комплексте жолугушту.

954354
Президент Эрдоган мөөнөтүнөн эрте шайлоо болорун билдирди

Президент Р. Т. Эрдоган мөөнөтүнөн мурда болуучу шайлоонун 2018 -  жылдын 24 -  июнунда болорун айтты.

Эрдоган Улуттук Кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели менен президенттик комплексте жолугушту.

Эрдоган жолугушуудан кийин өткөргөн пресс  - жыйынында Бахчели менен абдан жакшы маанайда жолугушуу болгондугун баса белгиледи.

Президент Эрдоган : «Түркия азыр да 16 -  апрелдеги добуш берүүдөн кийин эски деп айткан система менен башкарылууда. Президенттик менен өкмөттүн шайкештигинин саясында  маселе жоктой көрүнсө да эски системанын  кемчиликтери ортого чыгууда. Тандаган жолубуз 2019 – жылдын ноябрындагы шайлоого чейин  чыдообуз керек эле. Бирок керек болсо Сирияда жүргүзгөн чек аранын ары жагына операциялар, керек болсо борбору Сирия жана Ирак болгон  аймагыбызда болгон тарыхый маанидеги окуялар, Түркиянын эртерээк белгисиздиктерди ашып өтүүсүн мажбур абалга алып келди»,- деди.

Эрдоган : «Өлкөбүз бетме  - бет келген маселелерден улам Бахчелинин мөөнөтүнөн эрте болуучу шайлоо сунушуна оң карайбыз. Шайлоо маселесин өлкөбүздүн күн тартибинде эртерээк чыгаруу шарт. Шайлоонун 2018 -  жылы 24 -  июнда өткөрүлүшүнө чечим чыгардык. Элибиз үчүн эң жакшысы болсун»,- деди.

Бул тууралуу мыйзамдуу процесстин дароо башталарын белгилеген Эрдоган Жогорку Шайлоо Кеңешинин да шайлоо даярдыктарын дароо баштай тургандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар