Столтенберг Түркияга келе жатат

Түркияга сапарынын максаты эмне?

952259
Столтенберг Түркияга келе жатат

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркиянын НАТО үчүн абдан маанилүү стратегиялык өнөктөш экенин айтты.

Столтенберг бүгүн расмий сапар менен Анкарага келет.

Баш катчы сапарынын алдында Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун штабындагы сөз сүйлөөсүндө, Түркияга сапарынын максаты июль айында өткөрүлө турган НАТО саммитине даярдык экенин белгиледи.

Столтенберг: «Түркия көптөгөн себептен улам өтө маанилүү жана чечүүчү шериктеш болгондуктан Анкарага сапарымды чыдамсыздык менен күтүп жатамын. Түркия эң биринчи стратегиялык абалы менен катар көптөгөн жактан абдан маанилүү шериктеш болуп саналат. Ошондуктан орчундуу темалар карала турган саммитке даярдык үчүн түркиялык лидерлер менен кеңешүүлөрдү жүргүзүү өтө маанилүү»,-деди.

Ошондой эле НАТОнун баш катчысы, бардык шериктештерди Түркияга көбүрөөк колдоо көрсөтүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар