Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Алжирге көңүл айтты

Алжирдеги учак кырсыгында 257 киши каза болгон болчу.

949385
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Алжирге көңүл айтты

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Алжирде аскердик учактын кырсыкка учурашы менен каза болгондор үчүн Алжир калкына көңүл айтты. Чавушоглу твиттер эсебинен бөлүшкөн кабарында : «Алжирде бир аскердик жүк ташуучу учактын кырсыкка учурашы менен көп сандаган кишинин каза болушунан терең санааркадык. Каза болгондор үчүн бир тууган Алжир калкы жана мамлекетине көңүл айтамын»,- деди.

Алжир мамлекеттик телекөрсөтүүсү өлкөнүн түндүгүндөгү Блида аймагында аскердик жүк ташуучу учагынын кырсыкка учурашы менен 257 кишинин каза болгондугун жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар